Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 15-январы № 5
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 5-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 983-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолукту коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын кызыкчылыктуу жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталган.";
3) 2-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттыгы сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-январындагы N 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |