Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 15-январы № 6
2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 6-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-январындагы N 3 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |