Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 19-февралы № 28
2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен Эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 23-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен Эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланганы тууралуу кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-февралындагы N 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |