Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 5-марты № 32
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 24-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында үрөн өндүрүү боюнча ишти башкаруучу, жөнгө салуучу жана аткаруучу органдар жүзөгө ашырышат. Айыл (токой) чарбасын башкаруу боюнча, ошондой эле үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана алардын тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдөрү (мындан ары - айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы) башкаруучу органдар болуп саналат.";
б) 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле төмөнкү иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктары бар субъекттер аткаруу органдары болуп саналат:";
2) 4-статьяда:
а) 1-пунктунун үчүнчү абзацында "өсүмдүктүн сортторун сыноо боюнча ыйгарым укугу бар органда" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттарына документти берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
в) 5-пунктунун "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органда сорттун үрөндөрүнүн үлгүсү болууга тийиш.";
г) 6-пунктунда "өсүмдүктөрдүн сортторун сыноо боюнча орган" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-статьянын 2-пунктунда "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынган тиешелүү нормативдик актылардын негизинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-статьяда:
а) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коргоого алынган сорттордун патент ээсинин таламдарын эске алуу менен үрөндөрдүн ээсинен буга уруксаты бар бардык юридикалык жана жеке жактар сорттук үрөндөрдү өндүрүү жана сатып өткөрүү укугуна ээ болушат.";
б) 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдан үрөндөрдүн текшерилүүчү үлгүлөрүнө талдоо жүргүзүүнү жана ылайык келүү сертификатын, үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттары жөнүндө документтерди белгиленген мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга укуктуу.";
5) 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Үрөндөрдү өндүрүү, тазалоо, таңгактоо жана сатып өткөрүү менен алектенген үрөнчүлүк чарбаларынын тизмеги
1. Үрөндөрдү өндүрүү, тазалоо, таңгактоо жана сатып өткөрүү менен алектенген үрөнчүлүк чарбалары үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтүүгө тийиш.
2. Каттоодон өткөн үрөнчүлүк чарбаларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
6) 9-статьянын 2-пунктунда "же айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын уруксаты берилген үрөндөрдүн сортторунан" деген сөздөр алып салынсын;
7) 10-статьяда:
а) 4-пунктунда:
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"конкурстук, экологиялык жана өндүрүштүк сыноолор үчүн;";
- алтынчы абзацында "жеке короо-жай участокторунда" деген сөздөр "жеке коммерциялык эмес максатта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 11-статьяда:
а) 2-пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, Мамлекеттик реестрге киргизилбеген;";
- төртүнчү абзацында "өлкөгө алып келүүгө жана транзитке импорттук карантиндик уруксаты, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пунктунда "импорттук карантиндик уруксатсыз" деген сөздөр "фитосанитардык сертификатсыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Үрөндөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо эл аралык үлгүдөгү (ИСТА) сертификаттар, ошондой эле ОЕСДнын сорттук күбөлүктөрү болгон шартта үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан сертификатташтыруу боюнча органдары менен тийиштүү макулдашууну түзгөн экспорттоочу өлкөлөрдүн үрөндүн сапаты жөнүндө документтери таанылат.";
г) 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 12-статьяда:
а) 1-пунктунда "үрөндүк материалды инспекциялоочу орган" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |