Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 7-марты № 33
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 30-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
50-статьянын 1-пунктунда:
а) 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жеке менчикте турган айыл чарба жерлерин жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трансформациялабастан) айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланууну камсыз кылууга;";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерлерди максаттуу багытына жана аларды берүү шарттарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууга;";
в) пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пунктча менен толукталсын:
"5-1) сугат айдоо жерине көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын өстүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөткө чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин макулдугун алууга;".
2-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009, № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "бонитетинин баллы 40тан төмөн" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 7-марты № 33
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2019-жылдын 30-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)