Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 26-февралы № 31
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 16-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) үчүнчү абзацы алып салынсын;
б) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кургак учукка каршы жардам - кургак учук менен ооругандарды аныктоого, изилдөөгө, дарылоого, байкоого жана реабилитациялоого багытталган жана амбулатордук же стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүдө жүргүзүлүүчү социалдык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын жыйындысы;";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"кургак учук - кургак учуктун микобактериясы козгоочу жугуштуу оору.";
2) 2-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "жана башка ченемдик укуктук актыларда" деген сөздөр ", саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы уюмдарына пландуу медициналык жардам сурап кайрылган чет өлкөлүк жарандарды изилдөө жана дарылоо жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.";
3) 3 жана 4-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ошондой эле ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
4-статья. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдиктер жана иш-чаралар
Мамлекет тарабынан төмөнкүлөр кепилденет:
- кургак учукка каршы кечиктирилгис жардам;
- кургак учукту адистештирилген алдын алуу, кургак учукка каршы мамлекеттик уюмдарда (мындан ары - кургак учукка каршы уюмдар) амбулатордук жана стационардык шарттарда консультациялык-диагностикалык, дарылоо, реабилитациялык жардам;
- кургак учук менен ооруган адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат берүү;
- кургак учук менен оорунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө анын ден соолугуна зыян келтирилген учурда, кургак учук менен ооруганга жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте залалдын ордун толтуруу;
- кургак учук менен оорунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумушчу орундарын квоталоо аркылуу ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга ишке орноштуруу.
Кургак учукка каршы жардам төмөнкүдөй камсыз кылынат:
- кургак учукка каршы амбулатордук, стационардык жардам көрсөткөн уюмдар аркылуу;
- кургак учук менен ооруган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Медициналык-санитардык жардамды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз дары-дармектер менен жардам көрсөтүү аркылуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адамдарды, анын ичинде кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы жардамдын жана социалдык сактоонун бардык түрлөрү менен камсыз кылууну берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырышат.";
4) 5, 6 жана 7-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"8-статья. Кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча уюмдарды аныктайт;
- калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын жайылышына эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү тартибин жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эпидемиологиялык кырдаалдын оорлошуусуна таасир этүү тутумун аныктайт;
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө карата аларга кургак учук жуккан-жукпаганына дайыма көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырууну камсыз кылат.";
6) 9-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "Активдүү" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учуктун микобактериялары биринчи жолу табылган адамдарга карата, аларды кургак учукка каршы уюмда каттоодон тышкары, санитардык-эпидемиялык көзөмөл органдарына жугуштуу оорулуулар катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте тез билдирүү жиберилет.";
7) 10-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "мамлекеттик бюджеттен өзүнчө сап менен "Кургак учук" улуттук программасында каралган көлөмдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекет төмөнкүлөрдү каржылоону камсыз кылат:
- алдын алуучу иш-чараларды, анын ичинде вакциналарды сатып алууну;
- диагноздук иш-чараларды (бактериялогиялык, флюорографиялык, рентгендик изилдөөлөрдү, кургак учукту туберкулиндик табууну жана башка зарыл изилдөөлөрдү);
- бардык кургак учук менен ооругандарды стационардык жана амбулаториялык шарттарда дарылоону;
- кургак учукка каршы дары заттарын сатып алууну;
- кургак учукка каршы уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү.";
в) 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "кургак учукка каршы мекеме" деген сөздөр "кургак учукка каршы уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгүндө "республикалык бюджетте өзүнчө каралат жана" деген сөздөр алып салынсын;
8) 11-статьяда:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Рентгендик-флюорографиялык изилдөөдөн өтпөгөн адамдарга ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тизмекке кирген жумуштарга жол берүүгө тыюу салынат.";
б) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
в) 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 6, 7, 8 жана 9-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде эпидемияга каршы жана алдын алуу иш-чаралары коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Коргонуу, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери аскер кызматчыларынан кургак учук табылган учурда, алардын жашаган жери боюнча кургак учукка каршы уюмдарга маалымдоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу тутумунун медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратылган жерлердеги адамдардын жашаган жерлери боюнча кургак учукка каршы уюмдарга төмөнкүлөрдү маалымдоого милдеттүү:
- кургак учук менен ооруунун биринчи жолу айкындалган ар бир учур жөнүндө;
- жазык-түзөтүү тутумунан бошонуп жаткан кургак учук менен ооруган адамдар жөнүндө;
- адамдардын кургак учуктан өлгөн учурлары жөнүндө.
Жаза аткаруу тутумунун администрациясы бошотуу жөнүндө маалымдамаларда жазасын өтөгөн адамдарда кургак учук бар-жогу тууралуу белги коюуга милдеттүү.";
д) 10-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Жугуштуу кургак учуктун алдын алуу
Жаңы төрөлгөндөрдү кургак учукка каршы эмдөө жана туберкулинодиагностикалоо милдеттүү болуп саналат. Кургак учукка каршы эмдөө жана туберкулинодиагностикалоо иммуно алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык алдын ала эмдөөлөрдүн боюнча Улуттук календарында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.";
10) 13-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөр "ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
г) 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мал чарбаларынын жетекчилери жана мал ээлери азык багытындагы малды кармоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузганы үчүн администрациялык мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.";
д) 9-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр "коомдук саламаттык сактоо жана ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 15-статьяда:
а) статьянын расмий тилдеги аталышында "страдающих" деген сөз "больных" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "медициналык мекемелерде" деген сөздөр "саламаттык сактоо уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
г) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учук менен ооруунун кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготкон кызматкерлердин майыптык тобу белгиленгенге же болбосо клиникалык айыкканга чейин жумуш орду же ээлеген кызмат орду эмгек мыйзамдарына ылайык сакталат.";
д) 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
е) 6, 7 жана 8-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учукка каршы уюмда дарыланууда жүргөн балдарга орто (толук) билим берүү программасы боюнча окуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Кургак учук менен ооруган, расмий жумушсуз болуп саналган адамдар жумуш издеген мезгилде, убактылуу эмгекке жөндөмсүз мезгилин кошуп алганда, калктын жумуштуулугуна көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпул менен камсыз кылынат.
16 жашка чыга элек, кургак учук менен ооруган жана буга байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар деп таанылган балдардын ата-энелери же иш жүзүндө аларды багууну жүзөгө ашырган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- оорусу катуу жана кичине балдар менен кургак учукка каршы уюмда чогуу болууга;
- эмгек мыйзамдарына ылайык аларга ыңгайлуу кандай болбосун убакта же белгилүү бир мезгилде ар жылдык эмгектик өргүү алууга.";
ж) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"Кургак учукка каршы мекемеге консультацияга жана дарыланууга чакырылган же жөнөтүлгөн кургак учук менен ооруган адамдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен акысыз жүрүүгө (барып-келүүгө) укуктуу.";
12) 16-статьяда:
а) үчүнчү абзацында "так" деген сөз алып салынсын;
б) төртүнчү абзацында "учукка каршы мекемеге" деген сөздөр "кургак учукка каршы уюмга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) алтынчы абзацында "учукка каршы жергиликтүү мекемеде" деген сөздөр "иш жүзүндө жашаган жери боюнча кургак учукка каршы уюмда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Кургак учук менен ооруган адамдардын жоопкерчилиги
Дарылоодон качкан кургак учук менен ооруган адамдар соттун чечими боюнча кургак учукка каршы атайын түзүлгөн дарылоо уюмдарына мажбурлап жаткырылат.";
14) 18-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Медициналык кызматкерлердин жоопкерчилиги
Медициналык кызматкерлер кесиптик милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартышат.";
16) 21-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын администрациялык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык же сот тартибинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 22-статьяда "мекемелердин" деген сөз "уюмдардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
18) 23-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учукка каршы уюмдардын медициналык жана башка кызматкерлери узактыктагы 14 календарлык күндүк кошумча өргүүгө, эмгек акысына кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө үстөк акы алууга укуктары бар.";
б) 2-бөлүгүндө "кургак учуктун активдүү түрлөрү" жана "киргизилиши" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "кургак учук" жана "колдонулушу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 24-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-мартындагы N 17 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |