Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 19-апрели № 49
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2019-жылдын 6-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 774-1-статья менен толукталсын:
"774-1-статья. Рекультивацияга багытталуучу каражаттар боюнча чектөөлөр
760, 763-767, 769-771 жана 774-статьяларда каралган ченемдер рекультивация фондунун каражаттарына карата жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөр менен колдонулат.".
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 23-апрелинде N 31 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |