Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 24-апрели № 51
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Экспорттук контроль жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 14-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "экспорттук" деген сөздөн мурда "контролго алынуучу продукцияны" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-статьяда:
а) экинчи абзацы "инвестициялык" деген сөздөн кийин ", брокердик" деген сөз менен толукталсын;
б) төртүнчү абзацы "продукция" деген сөздөн мурда ", технологияларды жана программалык камсыз кылууну кошо алганда," деген сөздөр менен толукталсын;
в) бешинчи-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"экспорт жана импорт - контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу жана аймагына ташып кирүү. Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен техникалык каражаттардын жардамы аркылуу технологияларды Кыргыз Республикасынын аймагынан жана аймагына өткөрүү да экспортко (импортко) теңештирилет;
реэкспорт - өлкөнүн чегинен тышкары өндүрүлгөн, мурда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген жана кайра иштетүүгө дуушар болбогон контролго алынуучу продукцияны экспорттоо;
транзит - ташыла (транспорттоло) баштаган жана Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жакта аякташы керек болгон контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөрүү (Кыргыз Республикасынын аймагына конбогон аба кемелеринин эл аралык транзиттик учууларын кошпогондо);";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы-жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:
"брокердик иш - контролго алынуучу продукцияны сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо, жеткирүү боюнча, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, контракттарды даярдоо же финансылык жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда, контролго алынуучу продукцияны өткөрүп берүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
кызмат көрсөтүүлөр - үчүнчү жактардын муктаждыктарын, брокердик иш-аракетти, техникалык жардамды жана контролго алынуучу продукцияны транспорттоону кошо алганда канааттандырууга багытталган иш-аракет;
идентификациялоо - контролго алынуучу продукцияга карата товарлардын, маалыматтардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжаларынын таандыктыгын (ылайыктуулугун) белгилөө;
техникалык жардам - контролго алынуучу продукция жана технологиялар менен байланышкан техникалык колдоо көрсөтүү;
технология - илимий-техникалык маалымат жана интеллектуалдык иш-аракеттин (аларга укуктардын) моделдер, прототиптер, чиймелер, диаграммалар, долбоорлор, нускамалар, программалык өнүмдөр формасында же болбосо көзгө көрүнбөгөн формада - товарды иштеп чыгуу, өндүрүү же пайдалануу үчүн керек болгон окутуу, техникалык камсыз кылуу (тейлөө) түрүндө берилген башка натыйжалары;
ядролук, химиялык жана биологиялык куралга жана аны жеткирүү каражаттарына тиешелүү материалдар - тиешелүү көп тараптуу (эл аралык) келишимдердин жана макулдашуулардын (жалпыга кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы) аракетине туш келүүчү же ядролук, химиялык жана биологиялык куралдарды жана аны жеткирүү каражаттарын долбоорлоо, иштеп чыгуу, өндүрүү же колдонуу үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон улуттук контролдук тизмеге киргизилген материалдар, жабдуулар жана технологиялар.";
3) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзам мамлекеттик органдар жана уюмдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жасалган (түзүлгөн) аракеттер (макулдашуулар) массалык кыйратуучу куралды, аны жеткирүү каражаттарын, массалык кыйратуучу куралдарды түзүү технологияларын жана аларды жеткирүү каражаттарын жайылтууга түрткү бере турган же Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтире турган учурларда да колдонулат.";
4) 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун жана усулдарын жалпы таанылган эл аралык ченемдерге жана тажрыйбага шайкештөө;
экспорттук контролду анын максаттарына жетүүгө зарыл болгон өлчөмдө гана жүзөгө ашыруу;";
5) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмеси
Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмесин жаңылоо акыркы жаңыланган мезгилден тартып эки жылдын ичинде бир жолудан кем эмес жана экспорттук контролдун эл аралык режимдеринин контролдук тизмелериндеги өзгөрүүлөргө ылайык жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине кирген контролго алынуучу продукция менчигинин түрүнө, чыгарылган жерине жана аны өндүргөн мезгилине карабастан, экспорттук контролго алынууга жана идентификацияланууга тийиш. Идентификацияны жүргүзүү тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын милдети болуп саналат.
Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучусу контролго алынуучу продукцияны идентификациялоо боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте атайын уруксат алган уюмга тиешелүү келишим түзүү аркылуу контролго алынуучу продукцияга идентификация жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу. Бул учурда контролго алынуучу продукцияны идентификациялоонун натыйжаларынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти эксперттик уюм тартат.";
6) 7-статьяда:
а) экинчи абзацы "туура келүүсүн" деген сөздөрдөн кийин "(идентификациясын)" деген сөз менен толукталсын;
б) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"лицензиялоону же аны мамлекеттик жөнгө салуунун башка түрүн белгилеген контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияларды жүзөгө ашыруунун уруксат берүүчү тартиби;";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"чет мамлекеттердин экспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен маалымат алмашуу жана башка өз ара аракеттенүү;
Контролго алынуучу продукциянын жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин эл аралык укуктун жана тажрыйбанын жалпыга таанылган ченемдерин эске алуу менен жаңылоо;
Кыргыз Республикасына импорттолуучу контролго алынуучу продукцияны пайдаланууга карата мамлекеттик кепилдиктерди, анын ичинде акыркы пайдалануучунун сертификаты түрүндө берүү;
баарын камтуучу контроль;";
7) 8-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- алтынчы абзацында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"контролго алынуучу продукцияга идентификация жүргүзүү тартибин белгилейт;
экспорттук контроль боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзөт, ал жөнүндө жобону жана анын курамын бекитет;
импорттолгон (экспорттолгон) өзгөчө товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) пайдалануу боюнча милдеттенмелердин аткарылышына билдирилген максаттарда мамлекеттик контролду уюштуруу тартибин белгилейт;";
б) 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "ага түзөтүү киргизүү" деген сөздөр "аны жаңылоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"контролго алынуучу продукцияга идентификация жүргүзүү тартибин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;";
8) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Баарын камтуучу контроль:
тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына, эгерде бул продукция жана интеллектуалдык иш-аракеттин, иштин, кызмат көрсөтүүнүн натыйжалары чет элдик мамлекеттер же чет элдик юридикалык жактар, жеке жактар тарабынан жалпыга кыргын салуучу куралдарды жана аны жеткирүү каражаттарын түзүү, өндүрүү же пайдалануу максатында же террористтик актыларды даярдоо жана (же) жасоо үчүн пайдалана тургандыгы белгилүү болгон учурда, товарлар, технологиялар, программалык камсыз кылуу, интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжалары, иштер, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүүгө же аларга кандай гана түрдө болбосун катышууга тыюу салынат;
тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары ушул Мыйзамдын 6-статьясынын колдонулушуна туш болбогон товарлар, технологиялар, программалык камсыз кылуу, интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжалары, иштер, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдын лицензиясын жана (же) уруксатын төмөнкү белгиленген тартипте алууга милдеттүү:
- тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары ыйгарым укуктуу орган же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы тарабынан ушул продукция жана интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжалары жалпыга кыргын салуучу куралдарды жана (же) аны жеткирүү каражаттарын түзүү максаттарында пайдаланыла тургандыгы жөнүндө маалымдалса;
- тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары ушул продукция жана интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжалары жалпыга кыргын салуучу куралдарды жана (же) аны жеткирүү каражаттарын түзүү максаттарында пайдаланылышы мүмкүн экендигин баамдаса.";
9) 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-бөлүктөр менен толукталсын:
"Республика ичинде субъекттер ортосунда контролго алынуучу продукцияны өткөрүп берүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тиешелүү уруксат болгондо жол берилет.
Республика ичинде субъекттер ортосунда контролго алынуучу продукцияны өткөрүп берүүгө уруксат берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартибине ылайык аныкталат.";
10) 14-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"контролго алынуучу продукцияны экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо боюнча санкцияланбаган тышкы экономикалык бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити жана тиешелүү уруксаты жок кызмат көрсөтүү;";
11) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-статья менен толукталсын:
"15-1-статья. Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу
Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашырууда алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузган аракеттерин (аракетсиздигин), чечимдерин Кыргыз Республикасынын административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-берененин 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34) контролдонуучу продукцияга идентификация жүргүзүү укугу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү контролдонуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити, ошондой эле товарларды республиканын ичинде өткөрүп берүү;".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 3-майындагы N 36 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |