Редакцияот 06.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 6-майы № 57

2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

2019-жылдын 2-майында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 7-майында N 37-38 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков