Редакцияот 17.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 17-майы № 63

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

2019-жылдын 11-апрелинде

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы; 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 234-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 408-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-пунктунун 3-5-пунктчаларынын" деген сөздөр "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 114-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-7-пункттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков