Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 14-июну № 71
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 2-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүндө:
а) сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бакалавр - магистратурага өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор - тиешелүү окуу программасын жана илимий-изилдөө ишин диссертацияны жактоо менен аткарган адамдарга илимий жана башка кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли (базалык докторантура);";
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"квалификация - компетенттүү орган тарабынан инсандын белгилүү бир билим берүү программасын жана (же) практикалык тажрыйбаны өздөштүрүүсүнө баа берүү жана таануу процессинин натыйжасы;";
г) жыйырма экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"магистр - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;";
д) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациялардын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу тутуму үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдерин түзүмдөлгөн сыпаттама;
квалификациялардын улуттук тутуму - билим берүү жана эмгек рыногу чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү, квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана аларды таануу жол-жоболорун, квалификацияларды, билим берүү уюмдарын жана программаларын баалоо тутумдарын камтыган механизмдердин жыйындысы;";
е) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын:
"квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - белгилүү бир тармакта (сектордо) квалификациялардын мазмунун деңгээлдер боюнча тутумдук жана түзүмдөлгөн сыпаттама;";
ж) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы отуз төртүнчү абзац менен толукталсын:
"кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүнүн алкагында анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды аныктаган жана ишинин түрүнө карабастан каалаган уюмдун штатында өз ордун укугу боюнча ээлөө үчүн ылайык келүүсү милдеттүү болгон кызматкердин квалификациясынын сапаттык деңгээлин сыпаттаган негиз болуучу документ;";
з) отуз алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"адис - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берген жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;";
и) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы кырк биринчи абзац менен толукталсын:
"квалификация деңгээли - кызматкерлердин компетенцияларына карата квалификациялык алкактарда белгиленген жана сыпатталган талаптардын жыйындысы;";
к) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы кырк төртүнчү абзац менен толукталсын:
"окумуштуулук даража - билимдин белгилүү бир тармагында жетишилген илимий деңгээлди чагылдыруучу, окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация жактаган адамга ыйгарылуучу жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү квалификациясынын деңгээли;";
2) 19-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кесиптик даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык, квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана аларды таануу жол-жоболорун, квалификацияларды, билим берүү уюмдарын жана программаларын баалоо тутумдарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.";
б) 2-бөлүгү "адистерден" деген сөздөн кийин "квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 20-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "боюнча" деген сөздөн кийин "квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 21-берененин 2-бөлүгү "адамдарга" деген сөздөн кийин "квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 22-беренеде;
а) 1-бөлүгү "максатында" деген сөздөн кийин "квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Магистрлерди даярдоо программасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен биргеликте ишке ашырылышы мүмкүн.";
6) 23-беренеде:
а) 1-бөлүгү "доктору" деген сөздөн кийин ", философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндө "жана докторантура" деген сөздөр ", докторантура жана базалык докторантура (PhD/тармак боюнча)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылат.";
7) 24-берененин 1-бөлүгү "аркылуу" деген сөздөн кийин "квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Квалификациялардын улуттук тутумунун алкактарында квалификацияларды ыйгаруу жана таануу тууралуу күбөлөндүрүүчү документтер мамлекеттик органдарда же кандай гана болбосун уюмда кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга укук берүүчү документтер болуп саналат.";
9) 32-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- илимдин доктору же кандидаты, философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасы үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |