Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 14-июну № 72
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 8-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "197-берене. Инновациялык ишке кеткен чыгашалар боюнча чыгарып салуулар. Жер казынасынын жакырланышына жеңилдик";
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салык төлөөчүнүн инновациялык ишке чыгашалары чыгарып салууга жатат. Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:
1) илимий-изилдөө иштери;
2) тажрыйба-конструктордук иштер;
3) долбоордук-изилдөө иштери;
4) илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;
5) колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;
6) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |