Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 14-июну № 73
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 8-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-33-пункттар менен толукталсын:
"31) "Ысытылган тамекиси бар буюмдар" - тамекини электрондук же тамекинин күйүү процессисиз башка ыкма менен ысытуунун натыйжасында пайда болгон аэрозолдон дем алуу үчүн багытталган тамекиси бар буюмдар.
32) "Никотин камтыган суюктук" - никотин камтыган жана аны ысытууда аэрозоль пайда болгон, дем алуу үчүн багытталган электрондук сигареттерде (картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) пайдалануу үчүн багытталган суюктук.
33) "Электрондук сигареттер" - электрондук технологиялардын жардамы менен никотин камтыган суюктукту ысытуучу (картридждерде, резервуарларда жана башка электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн контейнерлерде) жана дем алуу үчүн багытталган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдар.";
2) 285-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:
"4-1) ТНВЭД 2403 товардык позицияда классификацияланган, ысытылган тамекиси бар буюмдар;
4-2) ТНВЭД 3824 товардык позицияда классификацияланган, электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн никотин камтыган суюктуктар;";
3) 287-берененин 1-бөлүгүнүн таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи саптар менен толукталсын:
"
Ысытылган тамекиси бар буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылган капсула жана башка) | 2403 | тамеки аралашмасынын килограммы |
|
2019-жылдын 1-июлунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда | 0 сом | ||
2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда | 610 сом | ||
2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда | 700 сом | ||
2022-жылдын 1-январынан тартып | 800 сом | ||
Электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук: | 3824 | миллилитр |
|
2019-жылдын 1-июлунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда | 0 сом | ||
2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда | 1 сом | ||
2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда | 1,25 сом | ||
2022-жылдын 1-январынан тартып | 1,5 сом |
".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |