Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 20-июну № 75
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 8-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 597-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы "Жаныбарларды" деген сөздөн кийин "жана жаныбарлардан алынган азыктарды" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам жаныбарларды, ошондой эле жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо, каттоо, байкоо жүргүзүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жаныбарларды идентификациялоонун уюштуруучулук, укуктук жана финансылык негиздерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын аймагында бул ишти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилейт жана идентификацияланган жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар жөнүндө так маалыматтарды алууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган.";
3) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) идентификациялоо үчүн көмөкчү материалдар - аппликатор, чиптер үчүн инъекторлор, идентификациялоо каражаттарын эсептөөчү түзүлүштөр (сканерлер);
2) топтук идентификациялык номер - чарба жүргүзүүчү субъекттин бир түрдөгү идентификацияланган жаныбарларынын тобуна ыйгарылган, аларды өндүрүштүк пайдалануунун аралыгында топту таратканга жана жойгонго чейин алмашылбаган номер;
3) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматтарды эсепке алуунун маалыматтык-талдоо тутуму;
4) жаныбарлар - айыл чарбасындагы, үйдөгү, зоопарктагы, цирктеги, лабораториядагы жана жапайы жаныбарлар, ошондой эле териси баалуу айбанаттар, канаттуулар, балыктар, аарылар, фаунанын башка түрлөрү, инкубациялык жумурткалар, уруктандырылган икра, өндүргүчтөрдүн уругу жана эмбриондор;
5) жаныбарларды идентификациялоо - жаныбарды окшоштуруу процесси, башкача айтканда жаныбардын жашын, жынысын, өңүн, тукумун жана башка зарыл параметрлерин аныктоо;
6) жеке идентификациялык номер - идентификацияланган жаныбарга визуалдык, электрондук жана аралаш маалыматтык каражаттарды пайдалануу менен ыйгарылуучу, анын өмүрүнүн аягына чейин алмаштырылбай турган жана жаныбардын бир түрүнүн чегинде кайталангыс болуп саналган номер;
7) жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо - анын олуттуу белгилери менен жаныбарлардан алынган азыктардын мүнөздөмөлөрүнүн окшоштугун белгилөө;
8) жаныбарлардан алынган азыктардын компоненттери - жаныбар, өсүмдүк, микробиологиялык же минералдык тектеги зат, ошондой эле тамак-аш азыгын өндүрүүдө пайдаланылуучу табигый же синтезделген тамак-аш кошулмалары;
9) жаныбарлардан алынган азыктарды маркировкалоо - жаныбарлардан алынган азыктар жөнүндө жазуулар, сүрөттөр, белгилер, символдор, башка белгилер жана (же) алардын комбинациялары түрүндөгү керектөө таңгагына, транспорттук таңгакка же керектөө таңгагына жана (же) транспорттук таңгакка тиркелген же алардын ичине салынган же болбосо аларга тиркелген маалыматтын башка түрдөгү алып жүрүүчүсүнө түшүрүлгөн маалымат;
10) идентификациялоо объектилери - ушул Мыйзамда каралган жаныбарлар, ошондой эле жаныбарлардан алынган продукция, чийки зат;
11) жаныбарлардан алынган азыктар - идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн объектилери болгон жаныбарлардан, канаттуулардан, балыктардан, аарылардан алынган ар кандай продукция жана чийки зат;
12) жаныбарга (үйүргө) байкоо жүргүзүү - жаныбардын (үйүрдүн) келип чыгуусун, жайгашкан жерин, жер которуштуруусун жана жеке маалыматтарын жаныбардын бүткүл жашоо циклинде, ошондой эле алардын союулушуна жана өлүшүнө байкоо жүргүзүү жана белгилөө мүмкүнчүлүгү;
13) жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү - жүгүртүүдөгү жаныбарлардан алынган азыктардын алгачкы өндүрүүчүсүн жана кийинки ээлерин (акыркы керектөөчүдөн сырткары), ошондой эле алардын өндүрүлгөн жерин документ түрүндө (кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө) белгилөө мүмкүнчүлүгү;
14) каттоо - Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматты киргизүү;
15) чарбанын каттоо номери - чарба жүргүзүүчү субъекттин чарбасына ыйгарылган жана анын өндүрүштүк ишинин аралыгында алмаштырылбай турган номер;
16) чарба жүргүзүүчү субъект - жаныбарлардын ээси болуп саналган, аларды өстүрүү, багуу, көбөйтүү, соодалоо, ташуу менен алектенген, жаныбарларды сойгон, союлган жаныбарлардын азыктарын кайра иштеткен жана сатып өткөргөн, жаныбарларды сойгондон кийин пайдаланууга жараксыз азыктарын жана өлгөн жаныбарлардын өлүктөрүн утилдештирген, жаныбарлардан алынган азыктарды кайра иштетүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган, жаныбарларды катыштыруу менен көргөзмөлөрдү өткөргөн менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак же жеке жак;
17) идентификациялоо каражаттары - жаныбарларды идентификациялоого мүмкүндүк берген жана идентификациялык номер жана анын сүрөттөлүшү жөнүндө маалыматты камтыган, ошону менен катар аны автоматтык иштеп чыгуу үчүн визуалдык (бирка, каргы), электрондук (чиптер) каражаттар;
18) товар коштоочу документтер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу документтер;
19) чарба - өлкөнүн аймагындагы жаныбарлар өстүрүлгөн, багылган, көбөйтүлгөн же турган имараттар, курулмалар жана жайлар, соодалоо, союу, санитардык утилдештирүү жайлары, көргөзмө өткөрүүчү жайлар жана ветеринардык-санитардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн объектиси болуп саналган жаныбарлар чогуу кармалган башка жайлар.";
4) 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлар багылган жана көбөйтүлө турган чарбалар каттоодон милдеттүү өткөрүлүүгө, ал эми табигый эркин абалында жүргөн (жапайы) жаныбарларды кошпогондо, жаныбарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө идентификациялоодон жана каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.";
5) 5-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү
1. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, идентификацияланган жаныбарларды жана алардын кыймылын эсепке алуу, аларга белгиленген үлгүдөгү документтерди жол-жоболоштуруу жана берүү Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бодо мал, анын ичинде топоздор, жылкылар, эшектер, качырлар, төөлөр, ошондой эле башка жаныбарлар, анын ичинде иттер жана мышыктар жеке идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат.
3. Чочколор, койлор, эчкилер, коёндор, үй канаттуулары, аары багуучу, балык багуучу жана териси баалуу жапайы айбанаттар чарбалары жаныбарлардын ар бир түрүнө топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат.
Асыл-тукум чочколор, койлор жана эчкилер жеке идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат.
Чочколорду, койлорду жана эчкилерди экспорттоо учурларында импортоочу-өлкөнүн талабы боюнча жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
4. Идентификациялоо жана каттоо расмий тутуму жок өлкөдөн импорттолгон жаныбарлар, ошондой эле үй шартында, зоологиялык бактарда, цирктерде, эксперименттик жаныбарлар катары, коммерциялык максаттарда пайдалануу үчүн ташып киргизилген идентификацияланбаган жаныбарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, дайындалган чарбага келип түшкөн убакыттан баштап 30 күндөн ашпаган мөөнөттө идентификациялануусу жана каттоодон өтүүсү керек.
5. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жаныбарлардан алынган азыкты идентификациялоого керектүү болгон маалыматтарды камтыган аларды маркировкалоонун жана (же) товар коштоочу документтердин негизинде камсыз кылынат. Жаныбарлардан алынган азыктарды маркировкалоону жана товар коштоочу документтерин жол-жоболоштуруу жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүдө жана сатууда (жүгүртүүгө чыгарууда), анын ичинде аларды кайра иштетүүдө жана утилдештирүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жаныбарлардын ээлери, жаныбарлардан алынган азыктардын өндүрүүчүлөрү кагаз түрүндөгү же (жана) электрондук алып жүрүүчүлөр менен берилген, өндүрүлгөн же сатып өткөрүлгөн продукция, азык-түлүк чийки заттары, алардын компоненттери, колдонулган тоюттар, тоют кошулмалары жана ветеринардык дары-дармек каражаттары алынган жана берилген ар бир субъектти аныктоого мүмкүндүк берүүчү товар коштоочу документтердин негизинде камсыз кылынат.
Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу документтер азыктар сатып өткөрүлгөндөн кийин бир жылдан кем эмес мөөнөттө жаныбарлардан алынган азыктардын ээлери жана өндүрүүчүлөрү тарабынан сакталууга тийиш.
Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
7) 7-берененин 2-бөлүгүндө "жана мазмуну" деген сөздөр ", мазмуну жана жүргүзүү эрежелери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 8-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:";
9) 9-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 2-пункту ", ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жана жаныбарларды идентификациялоо үчүн зарыл башка көмөкчү материалдарды бирдиктүү сатып алууну камсыз кылууга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын тийиштүү мамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана келишимдик негизде жеке ветеринардык практика менен алектенген жактарга өткөрүп берет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |