Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-июлу № 81
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 30-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 18-берененин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ашпаган" деген сөз "ашкан" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 21-берененин 4-бөлүгүнүн "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 55-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө "21-беренесинин талаптарына" деген сөздөр "31-беренесинин жоболоруна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 21-беренесинде белгиленген талаптарды сактоо менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2018-жылдын 29-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |