Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 16-июлу № 84
2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2019-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-июлундагы N 60 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |