Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-июлу № 88
2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2019-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |