Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-июлу № 90
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 19-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"продукцияны каталогдоштуруунун мамлекеттик тутуму (ПКМТ) - мамлекеттик органдарды, ишканаларды жана уюмдарды республикада чыгарылган продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү, анын даярдоочулары жана продукция бериле турган стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө ар тараптуу жана так маалыматтар менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык маалыматтык тутум;
техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификатору (мындан ары - мамлекеттик классификатор) - техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациясына (класстарына, топторуна, түрлөрүнө) шайкеш бөлүштүрүүчү жана мамлекеттик маалыматтык тутумдарда жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте маалыматтарды ведомстволор аралык алмашууда милдеттүү болуп саналган стандартташтыруу боюнча документ;";
б) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайкештикти декларациялоо - жүгүртүлүүгө чыгарылып жаткан продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы;";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"региондук стандарт - стандартташтыруу боюнча региондук уюм тарабынан кабыл алынган стандарт;
региондук классификатор (анын ичинде мамлекеттер аралык) - стандартташтыруу боюнча региондук орган тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документ;";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"уюмдардын стандарты - өндүрүштү өркүндөтүү жана чыгарылуучу продукциянын, иштерди аткаруунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу үчүн юридикалык жак тарабынан бекитилген стандарт;";
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
"техникалык шарттар - продукция даярдоочу тарабынан бекитилген, продукцияга карата техникалык талаптарды белгилөөчү документ;";
е) статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"каталогдук барак - продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү жөнүндө так маалыматтарды камтыган документ;
мамлекеттер аралык стандарт (МАСТ) - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган региондук стандарт;
башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору - башка мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдары тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документтер.";
2) 2-статьяда:
а) төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аккредиттөө боюнча органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын, контролдоо органдарынын, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын даярдоочулардан, сатуучулардан, аткаруучулардан жана сатып алуучулардан көз карандысыздыгы;";
б) онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аккредиттөө жаатын кошпогондо, шайкештикти баалоо жаатында атаандаштыкты чектөөгө жол берилбестиги;";
3) 16-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацы "стандарттары" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик классификаторлору" деген сөздөр менен толукталсын;
б) алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"региондук стандарттар (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана региондук классификаторлор (анын ичинде мамлекеттер аралык);
башка мамлекеттердин улуттук стандарттары жана улуттук классификаторлору;";
в) тогузунчу абзацы "стандарттары" деген сөздөн кийин ", анын ичинде техникалык шарттары" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 17-статьяда:
а) 2-пунктунда:
экинчи-төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"улуттук стандарттарды жана алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча эрежелерди жана сунуштамаларды бекитет;
улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча эрежелерди жана сунуштамаларды иштеп чыгуу (өзгөртүү, актуалдаштыруу) программаларын иштеп чыгат жана бекитет;
улуттук стандарттардын, алдын ала улуттук стандарттардын, мамлекеттер аралык стандарттардын, мамлекеттик классификаторлордун долбоорлоруна экспертиза уюштурат";
алтынчы абзацы "алдын ала улуттук стандарттарынын" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик классификаторлорунун, региондук классификаторлорунун (анын ичинде мамлекеттер аралык), ошондой эле башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорунун" деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу-он экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эл аралык, региондук жана башка мамлекеттердин улуттук стандарттарын, эрежелердин региондук топтомдорун жана башка мамлекеттердин эрежелеринин топтомдорун, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары кабыл алуу усулун белгилейт;
Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары эл аралык, региондук стандарттарды (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук стандарттарын, региондук эрежелердин топтомдорун жана башка мамлекеттердин эрежелеринин топтомдорун, региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун кабыл алат;
улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, эл аралык жана региондук эрежелердин топтомдорун, башка мамлекеттердин стандарттарын жана эрежелеринин топтомдорун, региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун басып чыгарууну жана жайылтууну уюштурат. Стандартташтыруу боюнча улуттук документтерди басып чыгаруу деп полиграфиялык ыкма же электрондук басылма түрүндө аткарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги басылма түшүндүрүлөт.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган продукциялардын каталогдук барактарынын формаларын жана аларды толтуруунун, берүүнүн, экспертиза жүргүзүүнүн жана каттоонун эрежелерин белгилейт.
Кыргыз Республикасында чыгарылган продукция каталогдоштуруу тутумунда катталууга тийиш.
Продукцияларды каталогдоштуруу тутумунда каттоого төмөнкүлөр жатпайт:
продукциялардын тажрыйбалык үлгүлөрү (тажрыйбалык партиялары), продукциялардын көрсөтмө сериялары;
жалгыздап өндүрүлгөн продукция, автордук укуктардын объекттери, сувенирлер, продукциянын курамдык бөлүктөрү.
Продукциянын өндүрүүчүлөрү стандартташтыруу боюнча улуттук органга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги маалыматтар менен каталогдук барактарды кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө берет.";
5) 18-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Стандартташтыруу боюнча улуттук орган улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды жана мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу, макулдашуу, эсепке алуу, бекитүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү, жокко чыгаруу жана колдонууга киргизүү тартибин белгилейт,";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоо жана коддоштуруу тутумун өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоонун тартиби, жүргүзүлүүгө жаткан мамлекеттик классификаторлордун, статистикалык классификаторлордун, региондук классификаторлордун, мамлекеттер аралык классификаторлордун, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорунун тизмеги, ошондой эле классификаторлорду иштеп чыгууну, жүргүзүүнү, актуалдаштырууну жана колдонууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
в) 6-10-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Уюмдардын стандарттары жана техникалык шарттар
Уюмдардын стандарттары уюмдар тарабынан ушул Мыйзамдын 14-статьясында көрсөтүлгөн максаттарды камсыз кылуу үчүн аларды колдонуу зарылдыгына жараша өз алдынча иштелип чыгат.
Техникалык шарттар даярдоочу жана (же) аткаруучу тарабынан иштелип чыгат жана келишимдерде (контракттарда) белгиленген шарттарга ылайык колдонулат.
Уюмдардын стандарттарын жана техникалык шарттарын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү уюм тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.
Уюмдардын стандарттарынын жана техникалык шарттардын долбоору бекитүүнүн алдында экспертиза жүргүзүү үчүн улуттук стандартташтыруу боюнча органга ыктыярдуу тартипте берилиши мүмкүн.";
7) 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Шайкештикти декларациялоо
1. Шайкештикти декларациялоо, эгерде ал техникалык регламентте каралган болсо, төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
өзүнүн далилдеринин негизинде шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен;
өзүнүн далилдеринин жана үчүнчү жактын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен.
Продукцияны декларациялоо ыкмасы, схемасы жана жол-жоболору техникалык регламент менен белгиленет.
2. Шайкештикти декларациялоодо даярдоочу же сатуучу же болбосо даярдоочунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналган жеке ишкер катары юридикалык жак же жеке жак билдирүүчү болушу мүмкүн.
Ушул статьяга ылайык, билдирүүчү тарабынан кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестринде катталууга жатат.
Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу мөөнөтү техникалык регламентте аныкталат.
3. Шайкештик жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
8) 35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-статья. Мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) объекттери
1. Продукцияга жана (же) ага карата коюлуучу талаптар менен байланышкан долбоорлоо процесстери (иликтөөнү кошуп алганда) жана техникалык регламенттердин талаптары колдонулган өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу. сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү объекти болуп саналат.
2. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда тиешелүү техникалык регламенттер үчүн белгиленген изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери жана усулдары пайдаланылат.
3. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
9) 42-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Техникалык регламенттер, улуттук стандарттар, алдын ала улуттук стандарттар, стандартташтыруу боюнча эрежелер жана сунуштамалар, эл аралык, региондук стандарттар, башка мамлекеттердин улуттук стандарттары, эрежелердин региондук топтомдору жана башка мамлекеттердин эрежелеринин топтомдору, мамлекеттик жана региондук классификаторлор, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондун түзөт.";
10) 43-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Иштеп чыгууга Кыргыз Республикасы катышкан мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасын түзүү жана ишке ашыруу, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн улуттук стандарттарды мамлекеттер аралык стандарттарга кайра иштеп чыгуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |