Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-июлу № 93
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 20-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-жыл, № 7-8, 480-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүндөгү "тергөөнү жана алгачкы текшерүүнү" деген сөздөр "жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "алгачкы текшерүү жана тергөө" деген сөздөр "жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-берененин 1-бөлүгүндөгү "тартиптик, административдик жоруктарды" деген сөздөр "тартиптик жоруктарды, бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 9-берененин 3-пунктундагы "алгачкы текшерүү жана тергөө" деген сөздөр "жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 10-беренеде:
а) 2-пунктундагы "алгачкы текшерүү жана тергөө" деген сөздөр "жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 7-пунктундагы ", административдик укук бузуулар (бузуулар) тууралуу" деген сөздөр алып салынсын;
6) 18-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Куралды колдонуудан мурун, эреже катары, аны колдоно тургандыгы жөнүндө эскертүү берилиши керек. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ок атуучу куралды төмөнкү учурларда колдонушат:
1) жарандарды коргоо жана өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан өзүн коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;
2) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген топтошуп же куралдуу кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
3) маанилүү жана кайтаруудагы объекттерге, жарандардын турак үйлөрүнө, мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жайларына жана имараттарына топтошуп же куралдуу кол салуунун, ыйгарым укуктуу органдын кызматтык тобуна кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды же болбосо кылмыш жасап жаткандарды, камактан качкандарды (административдик камактагылардан тышкары) кармоо үчүн, ошондой эле куралын таштоо жөнүндө мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тарткан куралдуу адамдарды кармоо үчүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 23-июлундагы N 61 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ