Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 22-июлу № 96
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 12-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
"экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү - Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген жана үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши жөнүндө маалыматтарга статистикалык байкоо жана экономикалык талдоо жүргүзүү, чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштеринин абалына жана келечегине баа берүү;";
2) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Үстөмдүк абал
1. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин (жактардын топторунун) белгилүү бир товар рыногунда ошол чарба жүргүзүүчү субъектке (жактардын тобуна) же ошондой чарба жүргүзүүчү субъекттерге (жактардын топторуна) тийиштүү рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир этүүгө жана (же) ал рыноктон башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди сүрүп чыгууга жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ал рынокко кирүүсүн кыйындатууга мүмкүндүк берген абалы үстөмдүк (монопсоникалык) абал деп таанылат.
2. Рынокто төмөнкүдөй чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмду кошпогондо) абалы үстөмдүк абал болуп таанылат:
1) тиешелүү рыноктогу үлүшү 35 пайызды түзсө же андан жогору болсо, эгерде монополияга каршы орган ушул Мыйзамдын бузулганы тууралуу ишти кароодо же экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырууда көрсөтүлгөн чоңдуктан ашып кеткенине карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттин товардык рыноктогу абалы үстөмдүк абалда болуп саналбаганы белгиленбесе;
2) тиешелүү товардын рыногундагы үлүшү 35 пайыздан аз болсо, эгерде ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалы монополияга каршы орган тарабынан белгиленсе, товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттин ошол товардык рыноктогу анын атаандаштарынын үлүшүнүн салыштырмалуу өлчөмүнө караганда өзгөрбөгөн же бир аз гана өзгөргөн болсо жана эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар сакталса:
а) чарба жүргүзүүчү субъекттин товардын баасынын деңгээлин бир тараптуу тартипте аныктоого жана тийиштүү товардык рынокто товарды сатуунун жалпы шарттарына чечүүчү таасир тийгизүүгө мүмкүндүгү бар болсо;
б) жаңы атаандаштардын тиешелүү товардык рынокко жеткиликтүүлүгү, анын ичинде экономикалык, технологиялык, администрациялык же башка чектөөлөрдүн кесепетинен татаал болсо;
в) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товар керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмаштырылышы мүмкүн эмес болсо;
г) товардын баасын өзгөртүү бул товарга суроо-талаптын ушундай өзгөртүүгө ылайык төмөндөшүн шарттабаса.
3. Бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин ичинен ар бир чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмдарды кошпогондо) абалы үстөмдүк деп таанылат, эгерде мындай чарба жүргүзүүчү субъектке карата жыйындысында төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
1) үчтөн ашык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 50 пайыздан ашса, мында ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көп болсо же бештен көп эмес чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 70 жана андан көп пайызды түзсө, мында алардын ар биринин үлүшү тийиштүү рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнөн көп болсо (ушул жобо көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин биринин гана үлүшү 10 пайыздан кем болгондо колдонулбайт);
2) узак мезгилдин ичинде (бир жылдан кем эмес аралыкта же, эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо, тиешелүү рыноктун иштөө мөөнөтүндө) чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырма өлчөмдөрү өзгөрбөсө же аз маанилүү өзгөрүүгө кириптер болсо;
3) жаңы атаандаштардын тиешелүү товардык рыногуна жеткиликтүүлүгү, анын ичинде экономикалык, технологиялык, администрациялык же башка чектөөлөрдүн кесепетинен татаал болсо;
4) чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товар керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмаштырылышы мүмкүн эмес болсо;
5) товардын баасын өзгөртүү бул товарга суроо-талаптын ушундай өзгөртүүгө ылайык төмөндөшүн шарттабаса;
6) адамдардын айрым гана чөйрөсүнө тийиштүү рынокто ал товардын баасы жөнүндө, аны сатуунун же сатып алуунун шарты тууралуу маалыматтар чектелген болсо.
4. Табигый монополия абалындагы товардык рынокто табигый монополиянын субъекти болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк абал деп таанылат.
5. Финансылык уюмдардын (иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган финансылык уюмдарды кошпогондо) абалы үстөмдүк абал болуп таанылат, эгерде:
1) финансылык уюмдун тийиштүү финансылык рыноктогу үлүшү 35 же андан ашык пайызды түзсө;
2) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон эки финансылык уюмдун жыйынды үлүшү алардын иши жактардын тобу жана (же) аффилирленген жактар жана (же) атаандаштыкты чектөө белгилери табылган катары далилденген шарттарда 50 же андан көп пайызды түзсө;
3) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон үч финансылык уюмдун жыйынды үлүшү алардын иши жактардын тобу жана (же) аффилирленген жактар жана (же) атаандаштыкты чектөө белгилери табылган катары далилденген шарттарда 70 же андан көп пайызды түзсө.
6. Чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалын белгилөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте атаандаштык чөйрөсүнүн абалына баалоо жүргүзөт.
Атаандаштык чөйрөнүн абалын баалоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте туруктуу экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү жана контролдоо зонасында турат.
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө жылдык отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилет жана Интернет тармагында монополияга каршы органдын расмий сайтына жайгаштырылат.";
3) 7-2-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) эгерде вертикалдуу макулдашуунун предмети болуп саналган товардын товардык рыноктогу мындай макулдашуунун катышуучуларынын ар биринин үлүшү 20 пайыздан ашпаса.";
4) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) ушул Мыйзамдын 9-1-беренесинде белгиленген талаптарды бузуу менен мамлекеттик же муниципалдык преференцияларды берүүгө.";
5) 11-беренеде:
а) берененин аталышында "түзүлүшүнө," деген сөз алып салынсын;
6) 1-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 14-берене "документтерди, маалыматтарды" деген сөздөр "документтерди жана анын ичинде белгиленген тартипте коммерциялык жана кызматтык маалыматтарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 15-беренеде "маалыматты, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча да," деген сөздөр "анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык жана кызматтык маалыматты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 18-берененин 1-бөлүгү "өз демилгеси боюнча," деген сөздөрдөн кийин "жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын," деген сөздөр менен толукталсын;
9) 18-1-беренеде:
а) 1-бөлүгү "монополияга каршы орган" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде мындай аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болсо жана мында монополияга каршы мыйзамды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо, товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин аракети жөнүндө жана (же) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын пландалып жаткан аракеттери жөнүндө ачык билдирүү эскертүү жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-июлунда N 62 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |