Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 22-июлу № 98
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 19-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында "Жарнак" деген сөз "Жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 1-беренеде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги 2-беренеде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак", "жарнактоо" деген сөздөр жана "жарнактык", "жарнактала", "жарнагы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама", "жарнамалоо", "жарнамалык", "жарнамалана", "жарнамасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги 3-беренеде "Жарнак" деген сөз "Жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) мамлекеттик тилдеги 4-берененин аталышында жана текстинде "Жарнакка" жана "Жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Жарнамага" жана "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) мамлекеттик тилдеги II бөлүмдүн аталышында "Жарнакка" деген сөз "Жарнамага" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) мамлекеттик тилдеги 5-беренеде:
а) аталышында "Жарнакка" деген сөз "Жарнамага" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндө "1. Жарнак" жана "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "1. Жарнама" жана "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-11-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнак", "Жарнак" жана "жарнактоо" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "жарнама", "Жарнама" жана "жарнамалоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) мамлекеттик тилдеги 6-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз жана "жарнакталган", "жарнактоодо", "жарнактык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө жана "жарнамаланган", "жарнамалоодо", "жарнамалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) мамлекеттик тилдеги 7-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз жана "жарнакталган" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө жана "жарнамаланган" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) мамлекеттик тилдеги 8-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
11) мамлекеттик тилдеги 9-берененин аталышында жана текстинде "жарнак", "Жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жарнама", "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) мамлекеттик тилдеги 10-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) мамлекеттик тилдеги 11-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнак", "Жарнак" деген сөздөр жана "жарнагын", "Жарнактык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "жарнама", "Жарнама" деген сөздөргө жана "жарнамасын", "Жарнамалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) мамлекеттик тилдеги 12-берененин аталышында жана текстинде "жарнактын", "Жарнактык" жана "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жарнаманын", "Жарнамалык" жана "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) мамлекеттик тилдеги 13-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
16) мамлекеттик тилдеги 14-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
17) мамлекеттик тилдеги 15-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак", "Жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама", "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Товарлардын айрым түрлөрүнүн жарнамасынын өзгөчөлүктөрү
1. Алкоголдук продукциянын кандай гана ыкмаларда болбосун таратылуучу жарнамасы төмөнкүдөй болууга тийиш эмес:
- тышкы жарнамада таратылууга;
- кино- жана көрмөтейлөөдө, эгерде мындай тейлөөнүн аудиториясы жашы жеткен адамдар менен чектелбесе, фильмдерди көрсөткөнгө чейин көрсөтүлүп жатканда же андан кийин таратылууга;
- алкоголдук продукцияны ичүү процессин көрсөтүүнү камтууга жана алкоголдук продукцияны ичүү коомдук, спорттук же жекече ийгиликке жетүү үчүн, же болбосо дене бойду же психикалык абалды жакшыртуу үчүн маанилүү деген таасир түзүүгө;
- алкоголдук продукцияны ичпөөнү жаманатты кылууга, алкоголдук продукциянын терапиялык оң касиеттери тууралуу маалыматты камтууга жана алардын продуктуда көп экенин жакшы сапат катары көрсөтүүгө;
- жашы жетпегендерге түздөн-түз кайрылууга, 35 жашка чейинки курактагы адамдардын образын, ошондой эле 21 жашка чейинки курактагыларга кеңири белгилүү адамдардын айткан сөздөрүн жана катышуусун пайдаланууга;
- жашы жетпегендер үчүн радио- жана телеберүүлөрдө, кино- жана көрмөтейлөөдө, мезгилдүү басылмаларда таратылууга;
- газеталардын биринчи жана акыркы беттеринде, ошондой эле журналдардын биринчи жана акыркы беттеринде жана мукабаларында таратылууга;
- коомдук транспортто, мамлекеттик, балдар, окуу, медициналык, спорттук, маданий уюмдарда, шаарлардагы гүлзарларда жана аянттарда, ошондой эле аларга 200 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан объекттерде таратылууга;
- курамы жана даярдоо ыкмасы, даамы жөнүндө маалыматтар камтылган жарнамалануучу товардын мүнөздөмөсү тууралуу маалыматты келтирүүгө жана мында жарнамалануучу товардын зыянынын аздыгы (зыяны жоктугу) деген белгилерди пайдалануу жолу менен маалымдоого;
- адамдарды, жаныбарларды, алардын ар кандай, анын ичинде куурчак, мультипликациялык, компьютердик сүрөттөмөлөрүн пайдаланууга;
- сырт тарабына алкоголдук продукциянын жана (же) тамеки заттарынын аталыштары түшүрүлгөн калкаламаларды, чатырларды, чатырчаларды (анын ичинде сезондук) пайдаланууга;
- медицина жаатында колдонулуучу терминдерди пайдаланууга;
- алкоголдук продукциянын мурдатан белгилүү товардык белгилерин, соодалык маркаларын, "бренддерин", чатырчалык "бренддерин" пайдаланууга.
Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- коомдук жайларда, анын ичинде жашы жетпегендердин арасында, ошондой эле жашы жетпегендердин кирүүсүнө тыюу салынбаган жерлерде жарнама максатында алкоголдук продукциянын үлгүлөрүн акысыз таратууга жана (же) символикалык баада сатууга;
- эгерде мында алкоголдук продукциянын аталышы, сүрөтү же товардык белгиси пайдаланылса, артыкчылыктуу жашы жетпегендер үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;
- алкоголдук продукцияны керектөө процессине тиешеси жок, сырт тарабына алкоголдук продукциянын аталышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, кол чатырлар, сумкалар) таратууга, анын ичинде адамдардын кеңири чөйрөсүнө сатууга. Буларга барлардагы, ресторандардагы, кафелердеги, мейманканалардагы жана ушул сыяктуу жайлардагы сырт тарабына алкоголдук продукциянын аталыштары же сүрөттөрү жана/же товардык белгилери жана логотиптери түшүрүлгөн күл түшүргүчтөр, оттуктар, ширеңке кутучалары, подностор, алкоголдук продукцияга арналган идиштер, ошондой эле алкоголдук продукцияны таратуу жана аларды чекене соодалоо үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары кирбейт. Мындай буюмдарда алкоголдук продукцияны ичүүнүн зыяндуулугу жөнүндө эскертүү талап кылынбайт;
Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук продукциянын жарнамасына.
Радиодо жана телекөрсөтүүлөрдө саат 7-00дөн 24-00гө чейин алкоголдук продукцияны жарнамалоого тыюу салынат.
2. Алкоголдук продукциянын жарнамасын таратуу төмөнкүлөр жөнүндө эскерткен тексттер менен коштолууга тийиш:
- алкоголдук продукцияны ичүүнүн зыяндуулугу жөнүндө;
- жашы жете электерге алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынганы жөнүндө, мында эки текст тең бирдей өлчөмдөгү тамга (тамгалар) менен жазылууга жана жыйындысында жарнама аянтынын кеминде 10 пайызын ээлөөгө тийиш. Эскертүү текстинин түсү эскертүүнүн фонунун түсүнө салыштырганда айырмаланып турууга тийиш.
3. Чыгарууга жана (же) сатууга уруксаты жок болгондо дары-дармектердин, медициналык арналыштагы буюмдардын, медициналык техниканын жарнамасына, ошондой эле мындай кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү уруксаты жок болгондо дарылоо, алдын алуу, диагноз коюу, реабилитациялоо методдорунун жарнамасына, ал тургай ойлоп табууга патент алынган учурларда да жол берилбейт.
Врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын жарнамасына, ошондой эле пайдалануу үчүн атайын даярдыкты талап кылган медициналык арналыштагы буюмдардын жана медициналык техниканын жарнамасына ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган талаптарды эске алуу менен, медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн арналган басылмаларда гана жол берилет.
4. Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензиялар боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик багыттагы продукциянын тизмегине киргизилген күжүрмөн жана кызматтык куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын, ошондой эле уруксат берилген жарандык куралдын, анын ичинде аңчылык жана спорт куралдарынын жарнамасын кошпогондо, бардык түрдөгү куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына жол берилбейт.
Эгерде көрсөтүлгөн жарнама түздөн-түз же кыйыр түрдө куралды, курап-жарактарды жана аскердик техниканы чыгаруунун технологиясын, күжүрмөн жана атайын колдонуу ыкмаларын ачып берсе, Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик багыттагы продукциянын тизмегине киргизилген уруксат берилген жарандык куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына жол берилбейт.
Уруксат берилген жарандык куралдын, анын ичинде аңчылык жана спорттук куралдын жарнамасын аны таратууга адистешкен мезгилдүү басылмаларда, ошондой эле уруксат берилген жарандык куралды колдонуучуларга арналган башка мезгилдүү басылмаларда жана аңчылык, спорттук курал колдонулган жерлерде гана таратууга жол берилет.
Уруксат берилген жарандык куралдын жарнамасын электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга жол берилбейт.
Күжүрмөн жана кызматтык куралдын, ошондой эле Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик продукциянын тизмегине киргизилген курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген гана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүүчү адистештирилген көргөзмөлөрдө же ярмарка-сатыктарда жол берилет.
5. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды колдонууну идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим берүү материалдарын белекке берүүгө жана таратууга;
- эгерде мында балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жасап чыгаруучулардын аталышы, сүрөтү же товардык белгилер колдонулса, кош бойлуу жана эмчектеги балдары бар аялдар, саламаттык сактоо кызматкерлери жана башка балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын тамак-аш азыктарына тиешеси бар адамдар үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;
- балдарды тамактандыруу процессине тиешеси болбогон, сырт тарабына балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктардын жана каражаттардын аталыштары же сүрөттөрү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, оюнчуктар, кол чатырлар, сумкалар жана д.у.с.) адамдардын кеңири чөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга;
- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды сатып алууга же пайдаланууга дем берүүгө түздөн-түз же кыйыр багытталган башка иштин түрлөрүнө;
- оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчуларынын, анын ичинде букмекердик конторалар жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайларынын өз ара мелдешине негизделген жарнаманы (оюн-зоок бизнесинин жарнамасын) таратууга.
6. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тамекинин жана тамеки заттарынын ар кандай (түздөн-түз жана кыйыр) жарнамасына тыюу салынат.
Тамеки продукциясынын жарнамасына тамеки буюмдары сатылуучу жерлерде гана уруксат берилет. Жарнама материалы 2000 кв.см ашпаган өлчөмдө болуусу керек. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнама материалы бардык учурларда медициналык эскертүү менен коштолууга жана ал жарнама аянтынын 40 пайыздан кем эмесин ээлөөгө тийиш.
7. Төмөнкүлөрдүн жарнамасына жол берилбейт:
- эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын прекурсорлорунун;
- адам органдарын жана (же) ткандарын сунуштоолордун;
- порнографиялык материалдардын, басма сөз басылмалардын, сүрөттөлүштөрдүн же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдардын;
- мүмкүн болуучу курмандыктарды адам сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө тартууга багытталган иштердин, анын ичинде психологиялык жардам, ымала түзүү, релаксация, укалоо түрү катары, мыйзамдуу иштин түрү катары жагымдуу убакыт өткөрүү, андан ары сексуалдык мамилеге кирүү максатында таанышууну; коомго каршы жүрүм-турумду.";
19) мамлекетгик тилдеги 16-1-берененин аталышында жана текстинде "жарнак" деген сөз "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
20) мамлекеттик тилдеги 17-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнагы", "жарнак", "жарнакталган", "жарнактоо" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнамасы", "жарнама", "жарнамаланган", "жарнамалоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) мамлекеттик тилдеги 19-беренеде "жарнак" деген сөз "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
22) мамлекеттик тилдеги 20-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр жана "жарнакталган" деген сөз тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө жана "жарнамаланган" деген сөзгө алмаштырылсын;
23) мамлекеттик тилдеги II-1-бөлүмдүн аталышында "жарнак" деген сөз "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
24) мамлекеттик тилдеги 20-1-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнак", "Жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнама", "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) мамлекеттик тилдеги 20-2-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнак", "Жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнама", "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) мамлекеттик тилдеги 20-3-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак", "Жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама", "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) мамлекеттик тилдеги 20-4-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнак", "Жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнама", "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28. мамлекеттик тилдеги 20-5-берененин аталышында жана текстинде "жарнакты", "жарнактарды" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жарнаманы", "жарнамаларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29) мамлекеттик тилдеги
аталышында "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) мамлекеттик тилдеги 21-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
31) мамлекеттик тилдеги 22-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Жарнак", "жарнактык", "жарнагы", "жарнактоо" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Жарнама", "жарнамалык", "жарнамасы", "жарнамалоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
32) мамлекеттик тилдеги 23-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) мамлекеттик тилдеги 24-беренеде "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
34) мамлекеттик тилдеги 25-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) мамлекеттик тилдеги IV бөлүмдүн аталышында "Жарнак" деген сөз "Жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
36) мамлекеттик тилдеги 26-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
37) мамлекеттик тилдеги 27-берененин 1-бөлүгүндө "жарнак" деген сөз "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
38) мамлекеттик тилдеги 28-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) мамлекеттик тилдеги V бөлүмдүн аталышында "жарнак" деген сөз "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
40) мамлекеттик тилдеги 29-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак", "Жарнак", "жарнагы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама", "Жарнама", "жарнамасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) мамлекеттик тилдеги 30-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Жарнак", "жарнак" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Жарнама", "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
42) мамлекеттик тилдеги 31-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак", "Жарнак" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама", "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-июлунда N 62 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |