КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 24-июлу № 99
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 0,5 МВтдан 30 МВтга чейинки кубаттуулуктагы электр жана жылуулук станциялары;";
2) 19 жана 20-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
66-статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасы "5 жыл бою" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен объектилерди куруу максаты үчүн - үч жыл бою" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-статьянын 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "гидротехникалык курулмаларды" деген сөздөрдөн кийин ", энергиянын кайра жаралуучу булактарын, анын ичинде чакан гидроэлектр станцияларын пайдалануу боюнча объекттер үчүн арналган суу жүгүртүүчү жана башка курулмаларды" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 30-июлундагы N 63 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С. Жээнбеков |
2019-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |