Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 25-июлу № 100
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына издөөдө жүргөн карызкордун сүрөтүн жана маалыматтарын жайгаштырууга;";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 93-1-берене менен толукталсын:
"93-1-берене. Алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун маалыматтар базасы
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт.
2. Маалыматтар базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Башкы сот аткаруучу тарабынан аныкталат.
3. Маалыматтар базасында камтылган төмөнкү маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат:
1) аткаруу документинин түрү, анын номери, аткаруу документин берген органдын аталышы;
2) аткаруу документи кабыл алынган дата;
3) аткаруу өндүрүшүнүн номери;
4) карызкор жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туулган жери, сүрөтү);
5) аткаруу документи боюнча тындырылбаган карыздын суммасы;
6) аткаруу өндүрүшүн жүргүзүп жаткан сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн аталышы жана дареги;
7) карызкорго издөө жарыяланганы жөнүндө маалыматтар.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар карызкор издөөдө жүргөн учурда өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жарыяланат жана карыз төлөнүп бүткөнгө же аткаруу өндүрүшү токтотулганга чейин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат; бул маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Карыз толук тындырылгандан же аткаруу өндүрүшү токтотулгандан кийин сот аткаруучу кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карызкорду маалыматтар базасынан алып салуу жөнүндө кабарландыруу жиберет. Карызкор жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде маалыматтар базасынан чыгарылат.";
3) мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын 2-тиркемесинде:
а) биринчи абзацы "мүлктүн" деген сөздөн кийин "жана предметтердин" деген сөздөр менен толукталсын;
б) тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"1) карызкор жана анын үй-бүлөсү туруктуу жашаган, күрөөнүн предмети болуп саналбаган турак үй;";
в) 1-7-пункттарынын белгилөөлөрүндө "1", "2", "3", "4", "5", "6" жана "7" деген цифралар "2", "3", "4", "5", "6", "7" жана "8" деген цифраларга алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |