Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 30-июлу № 109
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 414-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы "бажы кызматына," деген сөздөрдөн кийин "сот приставдарына" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 24-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) башкы сот приставын.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |