Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 5-ноябры № 121
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2019-жылдын 24-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) калыстык.";
2. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) 19-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "эки жылдык" деген сөздөр "беш жылдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын тиешелүү шайлоо комиссиясынын курагы боюнча улуу мүчөсү ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен чакырат.";
в) 15-бөлүгүндө "үч" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1) түшкөн даттанууларды эсепке алууну жүргүзөт жана тиешелүү реестрге киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт;";
7) 22-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.";
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Негизги иштеген ишинен шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине бошотулган аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат.";
8) 23-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жыл сайын окутуудан жана квалификациясын жогорулатуудан өтүп турат. Окутуунун жана квалификацияны жогорулатуунун тартиби, программасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.";
б) 5-бөлүгүнүн 1-пунктунда "төрагалык кылуучу" деген сөздөр "курагы боюнча улуусу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"13. Аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо жөнүндө, каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимдери, ошондой эле аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын даттанууларды карап чыгуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо үчүн 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилүүгө жатат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-ноябрындагы № 93 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |