Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 5-ноябры № 121
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 24-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) калыстык.";
2) 7-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын жана чек араларын карайт жана бекитет. Мында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 5 жылдык мөөнөткө, округдардын схемалары жана чек аралары 10 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемалары жана чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн;";
б) 5-пунктунда "5" деген цифра "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1) аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окутууну, анын ичинде электрондук форматта өткөрөт;";
г) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын:
"18-1) шайлоочуларды идентификациялоо үчүн автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдү, компакттуу түзүлүштөрдү колдонуу менен шайлоону техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;";
д) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:
"24-1) жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет;";
е) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын:
"26-1) даттанууларды кароо, даттанууларды кароонун мөөнөттөрүн жана тартибин сактоо маселелери боюнча төмөн турган шайлоо комиссиялары менен туруктуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат жана даттануулардын реестрин жүргүзөт, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат;";
ж) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын:
"28-1) калктын шайлоо системасына карата ишеним деңгээлине көз карандысыз баалоону туруктуу уюштурат, анын натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн милдеттүү. Ишеним деңгээлин баалоо тартиби мыйзамдар менен аныкталат;";
з) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору
1. Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук маданиятын жогорулатуу жаатында иштерди уюштуруу, координациялоо жана камсыз кылуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу максатында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборун (мындан ары - Борбор) уюштурат.
2. Борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын), саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, шайлоо органдарына талапкерлерди, алардын ишенимдүү адамдарын, байкоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана башка адамдарды укуктук жактан агартуу;
2) жарандарды, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, байкоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутууну уюштуруу;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын пландарын эске алуу менен Кыргыз Республикасындагы шайлоо технологияларына мониторинг жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү.
3. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын калкынын бардык социалдык катмарларына жана жаш курактык топторуна багытталган.
4. Борбордун уставы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
5. Борбор республикалык бюджеттин каражаттарынан жана мыйзамдарда тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынан каржыланат.";
4) 18-беренеде:
а) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына катышуу менен гана каралып жаткан маселелер боюнча добуш берет. Жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүдө калыс болууга укуксуз.";
б) 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулган өзгөчө пикири, эгерде ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган чечимге каршы добуш берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бирге жарыяланууга жатат.";
5) 19-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "эки жылдык" деген сөздөр "беш жылдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын тиешелүү шайлоо комиссиясынын курагы боюнча улуу мүчөсү ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен чакырат.";
в) 15-бөлүгүндө "үч" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1) түшкөн даттанууларды эсепке алууну жүргүзөт жана тиешелүү реестрге киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт;";
7) 22-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.";
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Негизги иштеген ишинен шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине бошотулган аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат.";
8) 23-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жыл сайын окутуудан жана квалификациясын жогорулатуудан өтүп турат. Окутуунун жана квалификацияны жогорулатуунун тартиби, программасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.";
б) 5-бөлүгүнүн 1-пунктунда "төрагалык кылуучу" деген сөздөр "курагы боюнча улуусу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"13. Аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо жөнүндө, каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимдери, ошондой эле аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын даттанууларды карап чыгуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо үчүн 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилүүгө жатат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-ноябрындагы N 93 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 5-ноябры № 121
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2019-жылдын 24-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) калыстык.";
2. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) 19-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "эки жылдык" деген сөздөр "беш жылдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын тиешелүү шайлоо комиссиясынын курагы боюнча улуу мүчөсү ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен чакырат.";
в) 15-бөлүгүндө "үч" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1) түшкөн даттанууларды эсепке алууну жүргүзөт жана тиешелүү реестрге киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт;";
7) 22-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.";
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Негизги иштеген ишинен шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине бошотулган аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат.";
8) 23-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жыл сайын окутуудан жана квалификациясын жогорулатуудан өтүп турат. Окутуунун жана квалификацияны жогорулатуунун тартиби, программасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.";
б) 5-бөлүгүнүн 1-пунктунда "төрагалык кылуучу" деген сөздөр "курагы боюнча улуусу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"13. Аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо жөнүндө, каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимдери, ошондой эле аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын даттанууларды карап чыгуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо үчүн 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилүүгө жатат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-ноябрындагы № 93 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |