КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 11-ноябры № 125
2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 17-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарийге - Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусу Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланганы жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 95 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |