Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 13-декабры № 138
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 31-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлү - салыктык эмес кирешелерди тескөөдө жана тиешелүү бюджетке өндүрүп алууда төлөөчүнүн атынан белгиленген тартипте чыгууга укуктуу жак;";
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жеке нотариус нотариалдык аракеттерди жасоодо жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө төлөөчүнүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча өкүлү боло алат.";
3) 140-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жеке нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде бирдиктүү төлөм менен төлөнөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он төрт күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 104 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |