Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 14-январы № 4
2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин финансылык рынок чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 12-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин финансылык рынок чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-январында № 5 (3077) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |