Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 26-декабры № 147
2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас - Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Талас - Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2019-жылдын 5-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас - Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Талас - Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги япон тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 107 (3071) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |