Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-январы № 13
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө
2019-жылдын 12-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Экинчи протокол Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-январындагы № 7(3079) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |