Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-январы № 14
2018-жылдын 28-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 12-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2018-жылдын 28-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-январындагы № 7(3079) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |