Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 25-январы № 16
2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 26-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка көрсөтүлгөн гранттык макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 31-январындагы № 10(3082) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |