Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 11-февралы № 18
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 22-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы З2 жана 33-бөлүктөр менен толукталсын:
"32. 2021-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары төмөнкүлөргө жайылтылат:
- илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттер менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда иштеген жеке жактарга;
- мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда иштеген жеке жактарга;
- эл аралык уюмдардагы иштен киреше алган, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жактарга;
- салыктык мезгилде эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселенген өлчөмүнөн жогору суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун сатып алууга багытталган бир жолку чыгашаларды тарткан жеке жактарга.
33. 2023-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары салыктык мезгилде салык салынуучу кирешелерди алган жеке жактарга жайылтылат.";
б) 4-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "2019" деген цифралар "2025" деген цифраларга алмаштырылсын;
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2021-жылдан, 2023-жылдан же 2025-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер бирдиктүү салык декларациясын көрсөтүлгөн мезгилдер башталганга чейин ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |