Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 28-февралы № 20
Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө
2020-жылдын 16-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
Ушул Мыйзам суу биологиялык ресурстарын, алар жашаган чөйрөнү сактоого жана Кыргыз Республикасында жагымдуу курчап турган чөйрөнү камсыз кылууга багытталган.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
балык уулоочу синтетикалык торлор - химиялык жол менен алынган жиптерден жасалган торлор;
электр менен кармоочу тутумдар - сигналдардын электр генераторлорунан турган, өткөргүчтөр жана аккумулятор (батарея) менен бириктирилген, электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарды олжолоонун (кармоонун) функциясын биргелешип аткарган түзүлүш.
2-берене. Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу
Суу биологиялык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынат.
Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды тапканда аларды алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмеги жана аларды жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонулушу балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу түзүлүштөрдү алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга гана жайылтылат жана накта материалдардан жасалган балык уулоочу торлорду алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга жайылтылбайт.
4-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн жоопкерчилик
Мыйзамсыз иштен алынган кирешелер алып коюлууга жана республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 6-мартындагы № 25(3097) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |