Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 6-марты № 24
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 29-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарында каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 10-мартындагы № 26(3098) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |