Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 13-марты № 26
"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 5-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 447-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышында "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Биосфералык аймак өзгөчө жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ.
Биосфералык аймактын статусу төмөнкүлөр менен аныкталат:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын болушу;
- флоранын жана фаунанын объекттеринин ар түрдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөрү;
- жаратылыш жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси;
- туристтик, курорттук-рекреациялык комплекси.";
3) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "областтык мамлекеттик администрация менен макулдашылган" деген сөздөр алып салынсын;
4) 5-статьянын жетинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Санация зонасында бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү максатында регенерациялык, рекультивациялык, ремедиациялык, эрозияга каршы, жайыттарды калыбына келтирүүчү жана токой тигүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат.";
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 71-статья менен толукталсын:
"71-статья. Илимий-изилдөө иши
Биосфералык аймактагы илимий-изилдөө иши жаратылыш комплекстерин жана (же) объекттерин изилдөөгө, экологиялык кырдаалды баалоо жана алдын ала болжолдоо максатында жаратылыш процесстеринин динамикасына байкоо жүргүзүүгө, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгууга, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү коргоого, жаратылыш ресурстарын кайра өндүрүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.";
6) 8-статьяда "жана жергиликтүү бюджеттердин" деген сөздөр "бюджеттин, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, экологиялык төгүмдөрдүн жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 10-статьяда "Биосфералык аймактын зоналарынын режимин, жаратылышты пайдалануу эрежелерин" деген сөздөр "Жаратылышты пайдалануу жана биосфералык аймакты коргоо режимдерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-мартындагы № 28 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |