Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 13-марты № 27
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 13-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"(Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1027-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүгүндө "Ушул" деген сөз "1. Ушул" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткарбаганы үчүн жоопкерчилик төмөнкүдөй белгиленет:
1) башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2020-жылдын 1-апрелинен тартып;
2) юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же алардын ээлигинде турган автотранспорт каражаттары үчүн - 2020-жылдын 1-апрелинен тартып;
3) уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2020-жылдын 1-апрелинен тартып;
4) уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан аз жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;
5) жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2022-жылдын 1-январынан тартып.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-мартындагы № 28 (3100) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |