Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 26-марты № 30
2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
2020-жылдын 20-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашуу жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа инвестициялык банкына жана Германия өнүктүрүү банкына (KfW) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32(3104) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |