Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 31-марты № 31
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 26-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
211-берененин 4-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунушталган талапкерлердин тизмеси конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллдарына ылайык кемүү тартибинде, бирок Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан төмөн эмес түзүлөт.";
б) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Конкурстук тандоодон өткөн жана босоголук баллды алган, бирок Президентке сунушталбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат. Босоголук баллды албай калган талапкерлер, ошондой эле Президенттин жүйөлөнгөн чечими менен Судьяларды тандоо боюнча кеңешке материалдары кайтарып берилген талапкерлер, судьялардын бош кызмат орундарына башка конкурстук тандоолорго бир жылдан кем эмес мөөнөттөн кийин гана катышууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32(3104) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |