КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 9-апрели № 37
2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан-мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө
2020-жылдын 5-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан-мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 33(3105) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |