Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 11-апрели № 40
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 26-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-беренеде:
а) берененин аталышы, 1 жана 2-бөлүктөрү "бош" деген сөздөн мурда "бошотулуучу же" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына;";
в) 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жергиликтүү соттун судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып" деген сөздөр "жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө актыны кабыл алган күндөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 19-беренеде:
а) берененин аталышы "бош" деген сөздөн мурда "бошотулуучу же" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүндө:
- бөлүк "бош" деген сөздөн мурда "бошотулуучу же" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункту "конкурска катышаар алдындагы бир жыл ичинде" деген сөздөрдөн кийин ", талапкерде судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын жоктугун көрсөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Судьяны кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
в) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 23-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) бир сотто жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын он беш жылдан ашык жүзөгө ашырган учурда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул бөлүктүн 4-пунктунда каралган бир соттогу он беш жылдык иш стажына 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык дайындалган учурдан тартып өткөн судья болуп иштеген убактысы эсепке кирет.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттун судьяларын которууну (ротациялоону) жүзөгө ашыруу тартиби алар бекиткен Жободо аныкталат.";
б) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган негиздер боюнча судьяларды которуу (ротациялоо) Судьялар кеңеши тарабынан жаш курак чегине жеткенге чейин дайындалган судьяларга карата алардын арызы боюнча жүзөгө ашырылат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган судьянын жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын он беш жылдан ашык жүзөгө ашырып келе жатканы тууралуу маалымкат берет. Судьялардын арыздары Судьялар кеңешинин наамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.";
в) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Белгилүү бир мөөнөткө дайындалган жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо), ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда, анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата жүзөгө ашырылат.";
г) 6-бөлүгүндө:
- экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Судьялар кеңешинин чечими Президентке келген күндөн тартып он күндүн ичинде Жарлыкка кол коюлууга тийиш.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Президент сунушталган талапкер боюнча материалдар келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган негиздер боюнча аларды өзүнүн жүйөлөштүрүлгөн чечими менен Судьялар кеңешине кайтарып берүүгө укуктуу.";
4) 28-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "2 жана 3-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "2-бөлүгүнүн 1-6, 8-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 33-берененин 3-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацы "ыйгарым укуктары токтотулган" деген сөздөрдөн мурда "жана отставкага кеткенине байланыштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында ушул бөлүктүн биринчи абзацында саналып өткөн жана судья болуп кайрадан шайланган же дайындалган адамдарга мурда кызмат ордунан бошотулганда же судьянын ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөкпул алган учурда акыркы шайланган же дайындалган учурдан тартып өткөн судья болуп иштеген убактысы гана эсепке кирет.".
Эскертүүсү: Берилген Мыйзамдын 1-беренесиндеги абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 1-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 34(3106) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |