Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 30-июну № 68
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 18-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
64-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, экинчи абзацында, 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "9" деген цифра "7" деген цифрага алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-июлундагы № 51 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |