Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 22-июлу № 83
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 11-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 215-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"215-статья. Доонун эскиришин колдонуу
1. Бузулган укукту коргоо жөнүндө талап доонун эскирүү мөөнөтү өткөнүнө карабастан сот тарабынан кароого алынат.
2. Доонун эскириши иш боюнча соттун чечими чыгарылганга чейин ишке катышкан жактардын сотко берилген жазуу жүзүндөгү арызы боюнча гана сот тарабынан колдонулат.
3. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн колдонуу жөнүндө ишке катышкан жактар тарабынан билдирилген доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү соттун доодон баш тартуу тууралуу чечим чыгаруусуна негиз болуп саналат.
4. Башкы талап боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши менен кошумча талаптар (туум, күрөө, кепилдик берүү) боюнча да доонун эскирүү мөөнөтү бүтөт.
5. Башкы талап боюнча аткаруучу документти аткарууга көрсөтүү мөөнөтү өтүп кеткен учурда кошумча талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетти деп эсептелет.";
2) 216-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Милдеттенмедеги жактардын алмашуусу доонун эскирүү мөөнөтүнүн жана аны эсептөө тартибинин өзгөрүшүнө алып келбейт.";
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2191-статья менен толукталсын:
"2191-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү
Бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талап койгон жарандардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми жарандардын бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз убагында кайрылууга мүмкүн болбогон андан көз каранды эмес себептер бар экенин айкын күбөлөндүргөн жагдайлар болгондо, сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин жүйөлүү деп тапкан учурларда, бузулган укук сот тарабынан корголууга жатат.
Ишкердик ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын), жарандардын, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талап койгон башка жактардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү, ошого тете ишкердик иштин объекттерине карата бузулган буюмдук укуктары, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми ушул бөлүктө көрсөтүлгөн жактардын бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз убагында кайрылууга мүмкүн болбогон андан көз каранды эмес себептер бар экенин айкын күбөлөндүргөн жагдайлар болгондо, сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин жүйөлүү деп тапкан учурларда, бузулган укук сот тарабынан корголууга жатат.
Эгерде доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишинин себептери эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты айында орун алса жүйөлүү деп табылышы мүмкүн, ал эми эгерде бул мөөнөт алты айга барабар же алты айдан кем болсо - эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жүйөлүү деп табылышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |