Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын 2015-жылдын 19-августу № 1-н буйругуна 1-тиркеме |
1. «Аудитордук уюмдун ишинин рейтингин баалоо жөнүндө» жобо Кыргыз Республикасындагы аудитордук уюмдардын ишин уюштуруунун, маалыматтарды топтоонун, аны иштеп чыгуунун тартибин жана ишинин рейтингин баалоо эсептерин регламенттейт.
2. Аудитордук ишти жүзөгө ашырууга лицензияны алган учурдан тартып иштеген мөөнөтү 3 жылдык мезгилден өткөн аудитордук уюмдардын иши рейтингдик баалоого жатат.
3. Аудитордук ишти жүзөгө ашырууга лицензияны өткөн учурдан тартып иштеген мөөнөтү 3 жылдык мезгилден өткөн аудитордук уюмдардын ишин рейтингдик баалоо андай аудитордук уюмдун ыктыярдуу каалоосу менен гана жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик реестрдин аудиторлорунун, аудитордук уюмдардан расмий түрдө алынган аудитордук иш жөнүндө отчеттордогу маалыматтардын жана аудитордук иш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) бар берилген эскертүүлөр жана салынган административдик айыптар жөнүндө маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу орган рейтингидин эсебин жүзөгө ашырат.
5. Рейтингди баалоону өткөрүүнүн мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
6. Аудитордук уюмдардын ишин рейтингдик баалоо жылына 1 жолу өткөрүлөт.
7. Рейтингди баалоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу органдын интернет сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
8. Рейтингди баалоо аудитордук уюмдун ишин баалоого комплекстүү, көп кырдуу мамиле жасоого негизденет.
Рейтингди баалоо үчүн аудитордук уюмдун ишине мүнөздөмө бере турган сандык жана сапаттык салыштырма көрсөткүчтөр пайдпаланылат. Ошондой эле ар бир көрсөткүчтүн, параметрдин маанилүүлүгүн анктай турган салмактык коэффициенттер да пайдаланылат.
Аудитордук уюмдун ишине кыйла комплекстүү мүнөздөмө бере турган көрсөткчтөрдүн төмөнкүдөй үч тобу боюнча рейтингидин интегралдык көрсөткүчтөрүн эсептөө жолу менен аудитордук уюмдун рейтинги аныкталат: аудитордук уюмдун ишинин экономикалык көрсөткүчтөрүн; аудитордук уюмдун кесипкөйлүк деңгээлин; аудитордук уюмдун ишкердик аброюн.
Рейтингдик баанын өсүү тартибинде аудитордук уюмдардын даражасы белгиленет. Салыштырма баанын минималдык маанисине ээ болгон уюм кыйла жогорку рейтингге ээ болот.
9. Адепки маалыматтар матрица түрүндө (аij), тактап айтканда таблицалар менен берилет, кайда:
- көрсөткүчтөрдүн номери саптар боюнча жазылат (i = 1, 2, 3, …, n);
- туркүкчөлөр боюнча – аудитордук уюмдардын номерлери (j = 1, 2, 3, …, m).
10. Ар бир көрсөткүчтө максималдуу мани бар, ал шарттуу эталондуу аудитордук уюмдун түркүкчөсүнө киргизилет.
11. Матрицанын адепки көрсөткүчтөрү аij эталондуу аудитордук уюмдун тиешелүү көрсөткүчүнө карата төмөнкү формула боюнча стандартталат:
Хij = ,
кайда: Хij – талданып жаткан аудитордук уюмдун стандартташтырылган j-й көрсөткүчтөрү;
= 10 упайлык шкала боюнча аудитордук уюмдун мыкты көрсөткүчүнө барабар болгон маани.
Формулага көрсөткүчтөрдүн тобунун салмактары киргизилет.
12. Талданып жаткан ар бир аудитордук уюм үчүн рейтингди баалоонун көрсөткүчтөрүнүн мааниси төмөнкү формула менен аныкталат:
,
кайда: Х1j, Х2j, Хnj – талданып жаткан аудитордук уюмдун стандартташтырылган j-й көрсөткүчтөрү;
13. Рейтингдин интегралдык көрсөткүчүн эсептөө үчүн салмактуу коффициенттердин мааниси:
14. Рейтинг бааларынын өсүү тартибинин орду боюнча аудитордук уюмдардын даражасы белгиленет.
15. Ар бир көрсөткүчкө 0дөн 10го чейинки сандык мани ыйгарылат.
16. Рейтингди эсептөө учурунда төмөнкүдөй ички топтук көрсөткүчтөр жана алардын тиешелүү упайлык маанилери пайдаланылат:
1-топ боюнча «Аудитордук уюмдардын ишинин экономикалык көрсөткүчтөрү»
Көрсөткүч | Мааниси | Упайлар |
Аудитордук уюмдун акыркы эки жылдагы орточо түшкөн каражаты (К1) | 10 млн. сомдон жогору | 10 |
1 млн. сомдон жогору | 8 | |
100 миң сомдон жогору | 4 | |
Аудитке болгон бир контрактынын орточо наркы (К2) | 100 миң сомдон жогору | 10 |
50 миң сомдон 100 миң сомго чейин | 8 | |
50 миң сомго чейин | 4 | |
Аудитордук уюмдун акыркы эки жылдагы орточо пайдасы (К3) | 300 миң сомдон жогору | 10 |
30 миң сомдон жогору | 8 | |
3 миң сомдон жогору | 4 | |
Сатуунун рентабелдүүлүгү (К4) -рентабелдүүлүктүн коэффициенти ROS = P/В, кайда: Р – аудитордук уюмдун салык алынганга чейинки пайдасы, В – аудитордук уюмга түшкөн каражат. | 0,2 упайдан 0,4 упайга чейин | 5 |
0,4 упайдан 0,7 упайга чейин | 8 | |
0,7 упайдан 1,0 упайга чейин | 10 | |
Өткөн жылга карата жалпы түшкөн каражаттын кыймылы (К5) | 0 пайыздан 10 пайызга чейин | 2 |
10 пайыздан 30 пайызга чейин | 5 | |
30 пайыздан 50 пайызга чейин | 8 | |
50 пайыздан 100 пайызга чейин | 10 | |
Бир адистин акыркы эки жылда түшүргөн каражаты (К6) | 300 миң сомдон жогору | 10 |
30 миң сомдон жогору | 8 | |
3 миң сомдон жогору | 4 |
2-топ боюнча (Аудитордук уюмдун кесипкөйлүк деңгээли»
Көрсөткүч | Мааниси | Упайлар |
Аудитордун квалификациялык тастыктамалары бар аудиторлордун жалпы саны (К7) | 5 жылдан ашуун | 10 |
3 жылдан 5 жылга чейин | 6 | |
2 | 4 | |
Аудитордук уюмдун штатындагы бардык кызматкерлердин жалпы саны (жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим боюнча иштеген кызматкерлер эске алынбайт) (К8) | 2 | 4 |
3 жылдан 5 жылга чейин | 6 | |
6 жылдан 10 жылга чейин | 8 | |
10 жылдан ашуун | 10 | |
Аудиторлордун орточо иш стажы (К9) | 1 жылдан аз | 2 |
1 жылдан 3 жылга чейин | 4 | |
4 жылдан 6 жылга чейин | 6 | |
7 жылдан 10 жылга чейин | 8 | |
10 жылдан ашуун | 10 | |
Уюмда ички фирмалык стандарттардын болушу (К10) | 6 жылдан ашуун | 10 |
4 жылдан 6 жылга чейин | 6 | |
1 жылдан 3 жылга чейин | 4 | |
жок | 0 | |
Аудитти өткөрүүнүн атайын программасынын жана усулунун болушу (К11) | 6 жылдан ашуун | 10 |
4 жылдан 6 жылга чейин | 6 | |
1 жылдан 3 жылга чейин | 4 | |
жок | 0 | |
Аудитордук корутундулардын жана аудитордук отчеттордун сапатын контролдоонун фирмалык ички тутумдун болушу (К12) | бар экендигине 3 жылдан ашты | 10 |
Бар экендиги бир жылдан 3 жылга чейин | 5 | |
Жок же жакында тзүлдү | 1 | |
Милдеттүү же демилгелик аудитти өткөрүү (К13) | Демилгелүү аудитти гана жүргүзөт | 5 |
Демилгелүү жана милдеттүү аудитти жүргүзөт | 10 | |
Акыркы 2 жылда аудиторлордун квалификацияларынын жогрулатылышы (К14) | Өткөн эмес (бары) | 0 |
Жарым-жартылай же үзгүлтүктүү өтөт | 5 | |
Баары жана үзгүлтүксүз өтүшөт | 10 | |
Аудитти коштоочу кызматтардын түрлөрүнүн саны (К15) | Аудитти коштоочу кызматтардын ар бир түрү үчүн | 2,5 |
Башка кызматтардын түрлөрүнүн саны (К16) | Башка кызматтардын ар бир түрү үчүн | 1 |
Аудиттин Эл аралык стандарттарын колдонуу (К17) | АЭАСтын колдонулбаган редакциясын пайдаланат | 0 |
АЭАСтын колдонулган редакциясын пайдаланат | 10 | |
Мыйзамдарды жана Аудиттин Эл аралык стандарттарын бузууларды болтурбоо боюнча берилген эскертүүлөрдүн саны (К18) | «1» жана андан ашуун | 0 |
Жок | 10 | |
Салынган санкциялардын саны (К19)
| «1» жана андан ашуун | 0 |
Жок | 10 | |
Эл арасында таанылган квалификациялык тастыктамалары бар аудиторлордун жалпы саны (ACCA, CPA, CFA, DipIFR) (К20) | 1-ден 3 чейин | 6 |
3 төн 5чейин | 8 | |
5-тен жогору | 10 | |
CIPA квалификациялык тастыктамалары бар аудиторлордун жалпы саны (К21)
| 1-ден 3 чейин | 6 |
3 төн 5чейин | 8 | |
5-тен жогору | 10 | |
Жалпы операциялык сарптоолорго карата кесипкөй окутуунун чыгымдарынын катнашы (К22) | 10 пайызга чейин | 2 |
10 пайыздан 25 пайызга чейин | 4 | |
25 пайыздан 40 пайызга чейин | 7 | |
40 пайыздан жогору | 10 |
3-топ боюнча «Аудитордук уюмдардын ишкер аброю»
Көрсөткүч | Мааниси | Упайлар |
Аудитордук уюм мамлекеттик каттоого алынган күндөн тартып фирма иштеген мөөнөт (К23) | 1 жылдан 2 жылга чейин | 4 |
3 жылдан 5 жылга чейин | 6 | |
6 жылдан 10 жылга чейин | 8 | |
10 жылдан ашуун | 10 | |
Аудитордук уюмдун кардарлары (К24) | Аудитордук уюмдун бардык кардарлары экономикалык иштин бир түрү боюнча ишти жзөгө ашырат | 3 |
Аудитордук уюмдун кардарлары экономикалык иштин 2-3 түрү боюнча ишти жзөгө ашырат | 5 | |
Аудитордук уюмдун кардарлары экономикалык иштин 4-5 түрү боюнча ишти жзөгө ашырат | 7 | |
Аудитордук уюмдун кардарлары экономикалык иштин 6 жана андан ашуун түрү боюнча ишти жзөгө ашырат | 10 | |
Аудитордук кызматтарды экспорттоо (К25) | Экспорту жүзөгө ашырбайт | 0 |
Экспорту жүзөгө ашырат | 10 | |
Аудиторлордун кесипкөй бирикмелерине/ аудитордук уюмдардын ассоциацияларына мүчөлүгү (К26) | Ассоциациянын мүчөсү эмес | 0 |
Ассоциациянын мүчөсү | 10 | |
Эл аралык финансылык жана донордук уюмдардын аккредитациясынан өтүшү (К27) | Бир да уюмдун аккредитациясынан өтпөсө | 0 |
Бир уюмдун аккредитациясынан өтсө | 5 | |
Бирден ашык уюмдун аккредитациясынан өтсө | 10 |