Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 20-апрели № 47
2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2020-жылдын 15-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 33(3105) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |