Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 20-апрели № 48
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 15-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 347-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө "20 пайызга чейин" деген сөздөр "20 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "20 пайызга чейинки өлчөмдө" деген сөздөр "20 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-берененин 4-бөлүгүндө:
а) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) жогорулатылган даярдык режиминде гана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана (же) өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын кесепеттерин жоюуда, токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук жагдайлардын, авариянын кесепеттерин локалдаштыруу үчүн, ошондой эле тез медициналык кийлигишүү зарыл болгон учурда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;";
б) 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, улуттук сапат стандарттарына ылайык чыгарылышынын тиешелүү сертификаты болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында толук өндүрүлгөн же жетиштүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө дуушар болгон товарларды ички товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алууда. Мында товарлардын наркы монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 33(3105) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |