Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 22-апрели № 51
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр киргизүү тууралу)
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамы редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 168-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
преамбула төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө укуктук мамилелердин жана инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоо шарттарынын өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-беренеде:
а) 1-пунктунун "б" пунктчасы "каралган уруксаттарга карата" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пунктунун "б" пунктчасы "лицензияларына гана," деген сөздөрдөн кийин "атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 25-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Убактылуу лицензияларды узартуунун негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо, ал эми атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензияларга карата - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35(3107) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
2020-жылдын 1-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 22-апрели № 51
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр киргизүү тууралу)
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамынын, КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)