Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 18-майы № 55
2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө
2020-жылдын 28-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 2-июнундагы N 42 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |