Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 4-июну № 58
2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2020-жылдын 14-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги монголия тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 9-июнундагы N 44(3116) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |